Ош мамлекеттик университетинин ветеринардык клиникасынын иштеп баштаганына бир жыл болду. Бул аралыкта 400дөн ашык жаныбарга кызмат көрсөтүлүп, 100дөн ашуун оор жана жеңил операция жасалды.
Ош шаарынын тургуну Алиша Корелла Лайла аттуу итин табарсыгынан кан кетип, абалы начарлаганда ОшМУнун ветеринардык клиникасына алып келди. Корелла үйүндө бир нече ит-мышык багып, жаныбарларга өзгөчө кам көрөт экен. Ал ити Лайла оюнду сүйгөн, тентек экенин айтат. Ветклиникага келгенде ит абдан алсырап, өз алдынча баспай, жерден башын көтөрө албай жаткан эле. Бирок дарыгерлердин жардамынан кийин кыймылга келди.
“Мен бул ветеринардык клиниканын дайымкы кардарымын. Себеби, бул жердеги шарттар да, адистердин мамилеси да жогорку деңгээлде. Түштүк аймагында мындай ветеринардык клиника бир гана ОшМУда бар. Лайланы алып келгенде абалы оор эле. Азыр болсо дарыгерлердин жардамы менен бутуна туруп калды. Кесипкөй көзөмөл үчүн клиника жамаатына ыраазымын”-дейт Алиша Корелла.
![]()
Клиниканын эсебине түшкөн жарым миллион сомго жакын каражаттын эсебинен заманбап жабдуулар алынып, үй жаныбарлары үчүн груминг салону ачылды. Бул жерде ит-мышыктан тартып таш бакаларга чейин жуунтулуп, тырмактары тазаланат. Салондо эки студент иштеп, эмгек акы да алышат. Алардын бири Арууке Камалдинова мындай дейт: “Биз клиникага үйрөнүп, тажрыйба алганы келдик. Азыр студен болгондугубуздан көбүнчө билим алганга аракет кылабыз. Бул жерде иштеп, айлык акы алганга да жетиштик”.
Клиникада ветеринардык кызматтын дээрлик бардык түрү көрсөтүлөт. Мисалы, УЗИ, рентген, хирургиялык операция жана лабораториялык изилдөө бар. Борборго Оштон сырткары Баткен жана Жалал-Абаддан да кайрылышат. Анткени бул Кыргызстандын түштүк аймагындагы жападан жалгыз толук форматтагы ветеринардык клиника.
“Күн сайын экиден онго чейин пациенттер келет. Булардын баары ар кандай себептер менен кайрылат. Жөнөкөй эле суук тийгенден баштап жугуштуу оорулар менен ооруп калгандар, хирургиялык оорулар менен ооругандар, чукул операция кылуу учурлары да катталат. Андан сырткары вакцинация жасоо иштери да болот. Былтыркы каражаттын эсебинен заманбап эндоскопиялык шайманды сатып алдык. Бул ит-мышыктардын кулак, мурун көндөйүндөгү ички ооруларды аныктоо максатында колдонулат. Бүгүнкү күндө шайман бизге чоң жардам берип жатат. Биз клиникада дары-дармектер менен камсыздап, жакынкы күндөрү ветаптека ачуу алдында турабыз”-дейт, ОшМУнун ветеринардык клиникасынын жетекчиси Бакыт Кадыров.
Клиникага күн сайын ондогон чалуулар түшөт. Адистер онлайн да кеңеш беришет. Биз клиникага барган учурда дарыгер Адилет Асилбек уулу Кашкар-Кыштак айылынын тургунуна жол тартты. Ал жактагы арашан породасындагы кой айланбаш оорусуна кабылыптыр.
![]()
Адилет Асилбек уулу малдын мээсине операция жасоодо тажрыйбалуу адис. Бул жолу пландалган операция текшерүүдөн кийин мээ даяр эместигине байланыштуу бир жумага жылдырылды. Ветеринар Адилет Асилбек уулу мындай дейт: “Ценуроз деп койобуз бул ооруну. Кыргызчасы айланбаш. Бул ооруга чалдыккан койлорго операция жасайбыз. Ценуроз ит-мышыктардан жугат. Күн сайын бул ооруга байланыштуу 4,5 адам чалып бизге кайрылат”.
Ветеринардык борбордо илимий изилдөөлөр да жүргүзүлүп турат. Бир жыл мурда ОшМУнун профессору Абдыганы Абдрасулов «Ала-Тоо» породасындагы койлорду изилдеп, патент алган. Бул эт-май багытындагы жаңы тукум. Биология илимдеринин доктору, профессор Абдыганы Абдрасулов айтымында «Ала-Тоо» породасындагы койлордун өзгөчөлүгү атайын тоют талап кылбайт, тоодо да, жайлоодо да жакшы семирет.
“Биздин “Ала-Тоо” породасын кармаган фермерлер 200 баштан 1000 башка чейин койлорду багып келишет. “Арашан” койлорун 100 баштан ашуун кармай алышпайт. Себеби, “Арашан” койлору кунардуулугу жагынан «Ала-Тоо» койлорунан жогору болгону менен адис катары айтат элем алар колдун малы. Салыштырмалуу «Ала-Тоо» койлору кышында да тоолордон оттоп келе алат”.
Бүгүнкү күндө Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасында 274 студент окуйт. Алар окуу менен катар клиникада иштеп, тажрыйба топтоп жатышат. Келечекте кафедра Кыргызстандагы кесипкөй адистерди чыгарууга шарт түзүүдө.