Көкшетау университетинин студенттери ОшМУда академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Көкшетау университетинин студенттери ОшМУда академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү

Image

Казакстандагы Ч.Валиханов атындагы Көкшетау университетинин үч студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде бир семестр окуп кетишти.

2025–2026-окуу жылынын күзгү семестринде, 31-августтан 15-январга чейин экинчи курстун студенттери ОшМУда билимин өркүндөттү. Тактап айтканда, Гулназ Кажмуханова дизайн жана компьютердик графика багыты боюнча, ал эми Руслана Серикова менен Алия Тыржанова көркөм билим берүү багытында билим алышты.

Алмашуу программасынын жүрүшүндө студенттер сабактарга активдүү катышып, окуу процессине ийгиликтүү аралашышты. Жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасын толук аякташты.

Ош мамлекеттик университети Казакстандын элүүдөн ашуун жогорку окуу жайы менен кызматташып келет. Анын алкагында жыл сайын 100дөн ашуун студент академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу билим алмашууга катышат.