Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) кыргыз-кытай факультетинде жергиликтүү кытай тили мугалимдерине окуу-тренинг өткөрүлдү. Анда катышуучулар «Силердин үйүңөрдө канча адам бар?» темасында ачык сабактарды өтүштү.
Сабактарда студенттердин сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган диалогдор, топтук жана жуптук иштер, оюн ыкмалары, интерактивдүү элементтер камтылды. Ар бир сабактан кийин талкуу уюштурулуп, мугалимдер тажрыйба алмашып, пикирлерин бөлүшүштү.
Иш-чарада чыгармачыл ыкмалар менен заманбап технологияларды колдонуу кытай тилине болгон кызыгууну арттырары белгиленди. Тренингдин максаты кытай тилин окутуунун сапатын жакшыртуу, мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана жаңы усулдарды практикада колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү болду.