Окутуучулар Мисирдеги кышкы мектепке катышып келишти

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Мисирдеги кышкы мектепке катышып келишти

Image

Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун окутуучулары Мисирде өткөн «Окутуу жана өнүгүү: келечекке көз чаптыруу жана эл аралык кызматташтыктын практикалары» аттуу эл аралык кышкы мектепке катышып кайтышты. 

Иш-чара 8-16-январь күндөрү өтүп, ага Сейданхан Алимбаева, Карачач Дуванаева, Гульмира Жээнбекова жана Венера Сабирова катышты. 

Кышкы мектепте дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген алдыңкы  адистер билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, инновациялык окутуу ыкмалары, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тажрыйбаларын бөлүштү. Ошондой эле билим берүү тармагынын келечектеги багыттары талкууланып, практикалык сунуштар берилди.

Программанын маданий бөлүгү да бай болду. Катышуучулар Гиза пирамидаларынын панорамасын көрүп, Улуу Египет музейине зыярат кылышты. Байыркы цивилизациянын тарыхы менен таанышуу алар үчүн унутулгус тажрыйба болду.

Мындан тышкары окутуучулар Кызыл деңизде дайвинг жасашып, чөлдөгү сафари саякатына чыгышты. Синай жарым аралынын араб бөлүгүндө жашаган бедуиндердин жашоо-турмушу, каада-салттары менен да таанышып, улуттук кечки тамакка катышты.

Бул кышкы мектеп окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана маданияттар аралык байланыштарды бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.

 

Фото галерея