Испан–кыргыз тил жана маданиятына арналган интерактивдүү иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Испан–кыргыз тил жана маданиятына арналган интерактивдүү иш-чара өттү

Image

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Европа жана Америка интеграция бөлүмүнүн 1-курс студенттери үчүн испан-кыргыз тил жана маданиятына арналган «ESCAPE DE SEVILLA» аттуу интерактивдүү иш-чара уюштурулду.

Ага алты команда катышып, сегиз этаптан турган тапшырмаларды аткаруу аркылуу испан тили боюнча базалык билимин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Таймаштын жүрүшүндө студенттер испан жана кыргыз маданиятына байланышкан ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты.

Алар эки өлкөнүн желектерин чагылдыруу, сүрөт тартуу, бий аткаруу, испан тилинде тейлөө багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле «Кыялымдагы үй» темасында сахналашкан көрүнүштөрдү жана диалогдорду көрсөтүштү.

Борбордун жетекчиси, улук окутуучу Нурзада Эргешованын айтымында, иш-чара заманбап форматта өтүп, студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен бирге социалдык, маданий компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталды.

Фото галерея