«Уңгужолу» программасынын бир жылдыгына арналган иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

«Уңгужолу» программасынын бир жылдыгына арналган иш-чара өттү

Image

Президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу программасынын бир жылдыгына арналган иш-чара 26-декабрда Ош аймактык медициналык колледжинде өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары да катышып, улуттук идеяга байланыштуу баяндамалар менен чыгышты. Доцент Абдикерим Маматов «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн этаптарындагы саясий баалуулуктар» темасында сөз сүйлөсө, окутуучу Зарлыкбек Солтоев «Уңгу жол – тарыхый контексте», ал эми Нуржан Токторова «Улуттук каада-салттардын заманбап айкалышуусу» тууралуу баяндама жасады.

Иш-чара улуттук идеяны жайылтуу, тарыхый баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундарга мекенчилдик тарбия берүү максатында уюштурулду.

 

Фото галерея