Кыргызстандын кыздар курамасы CAVA Cup 2025 турниринде чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын кыздар курамасы CAVA Cup 2025 турниринде чемпион болду

Image

Волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар улуттук курама командасы CAVA Cup 2025 эл аралык турниринде чемпион аталды. Мелдеш Мальдив аралдарынын Мале шаарында өттү. 

25-декабрда финалдык беттеште кыргызстандык спортчулар Мальдив аралдарынын командасын 3:1 эсебинде жеңишти. Ал эми жарым финалда Афганистан командасын утуп, финалга жолдомо алышкан. 

Турнирдин жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин волейбол клубунун оюнчусу Нуржамал Болотбекова “Эң мыкты оюнчу“ жана “Эң мыкты чабуулчу” номинацияларына ээ болду. 

Улуттук курамынын курамында окуу жайдын волейбол клубунун оюнчулары Гулмира Туленова, Нуржамал Болотбекова жана Нураида Базарбаева ойноду. Команданы факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Курстанбек Уланбек уулу машыктырды.

 

Фото галерея