25-декабрда Ош мамлекеттик университетинде студенттер үчүн “Жаңы жылды утурлап, ОшМУнун таланттары ыр сунат” аттуу майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага окуу иштери боюнча проректор Руслан Арапбаев жана студенттик коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева катышып, студенттерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. Алар жыл ичинде окуу жайда аткарылган иштер, жетишкендиктер жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кыскача маалымат беришти.
Майрамдык кече студенттердин ыр-бий, оюн-зоок программалары менен коштолуп, активдүү катышкандарга баалуу белектер, сертификаттар жана жолдомолор тапшырылды. Кеченин негизги бөлүгүн таланттуу студенттер даярдаган концерттик программа түздү.