23-декабрда Ош мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган студенттик илимий семинар болуп өттү. Иш-чара кыргыз, казак, өзбек, орус жана англис тилдеринде уюштурулуп, студенттердин кеңири катышуусун камсыздады.
Семинардын алкагында катышуучулар Айтматовдун чыгармаларындагы тилдик өзгөчөлүктөр, мифология жана символизм, чыгармаларды окутуунун инновациялык ыкмалары, дүйнө тилдерине которулушу, ошондой эле тарыхый-философиялык аспектилер боюнча баяндамаларды сунушташты.
Илимий иш-чара Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда өтүп, ага ОшМУнун жана башка жогорку окуу жайлардын студенттери, магистранттары, окутуучулары жана илимий жетекчилери катышты. Семинардын соңунда баяндамалар талкууланып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Семинар окуу жайдагы Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору менен Абай атындагы казак тил борбору тарабынан демилгеленди. Максаты жаш изилдөөчүлөрдүн чыгармачыл жана илимий потенциалын өнүктүрүү жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын заманбап көз карашта изилдөөгө багытталган.