Тигүү тармагын экспортко чыгаруу маселеси талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Тигүү тармагын экспортко чыгаруу маселеси талкууланды

Image

18-декабрда Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркында тигүү тармагын өнүктүрүү жана продукцияны экспортко чыгаруу маселелерине арналган жолугушуу өттү.

Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү борборунун адистери, Ош облусунун райондорунан келген өкүлдөр, Өзбекстандан келген адистер, ошондой эле ОшМУнун тигүү багытындагы стартаперлери, студенттери жана жаш окумуштуулары катышты.

Жолугушууда тигүү тармагынын учурдагы абалы, продукцияны чет өлкөгө чыгаруунун мүмкүнчүлүктөрү, экспортко тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык сунуштарын айтышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында “Кыргыз экспорт” борбору Бизнес парк менен кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин айтып, биргелешкен иштерди улантуу маанилүү болуп турганын белгиледи.




 

Фото галерея