Жаш окутуучулардын илимий-методикалык иштеп чыгууларынын II Эл аралык "Окутууну үйрөнүү-2021" сынагында ОшМУнун окутуучусу байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Жаш окутуучулардын илимий-методикалык иштеп чыгууларынын II Эл аралык "Окутууну үйрөнүү-2021" сынагында ОшМУнун окутуучусу байгелүү орунду ээледи

Image

Сынакка КМШга мүчө мамлекеттердин педагогикалык университеттеринин, колледждеринин жана кошумча кесиптик педагогикалык билим берүү уюмдарынын жаш окутуучулары катышкан.

Сынак "Илимий өнүгүү", "Методикалык долбоор", Чыгармачыл долбоор"  номинациялары боюнча өткөн. Эксперттик баалоонун жыйынтыгы боюнча "Илимий өнүгүү" номинациясы боюнча ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин  жалпы психология кафедрасынын окутуучу  Эмил Сагынбаев 3-орунду ээледи. Аталган сынакта 1-орунду Орусия, 2-орунду Беларуссиядан катышкан жаш  окутуучулар алышкан.

“Мен буга чейин да бир нече ирет конкурстарга катышканмын. Ар бир катышкан сынактарым мага изденүү, жаңы ачылыштарды жаратты. Учурда ОшМУда “Жаш илимпоздор” кенешин түзүп, аны жетектеп келе жатамын. Максатыбыз  жаш мугалимдерди колдоо жана ар тараптан өнүгүүсүнө жардам берүү болуп санат”, - дейт Эмил Сагынбаев.

Жеңүүчүлөрдү расмий сыйлоо 2021-жылдын 17-июнунда Москва мамлекеттик педагогикалык университетинде  "Үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү тутумунун азыркы абалы жана анын интеграциялык өнүгүү келечеги" эл аралык форумунда ыйгарылат.

Шилтеме: http://euapu.ru/?p=1974

Фото галерея