Улукбек Эркебаев Ташкентте Erasmus+ долбоорунун киберкоопсуздук боюнча Workshop иш-чарасына катышты

Башкы Жаңылыктар

Улукбек Эркебаев Ташкентте Erasmus+ долбоорунун киберкоопсуздук боюнча Workshop иш-чарасына катышты

Image

Ташкент маалымат технологиялары университетинде  Erasmus+ долбоорунун "Борбор Азиянын санариптик эмгек рыногу үчүн киберкоопсуздук багытында магистрдик билим берүү программасын иштеп чыгуу" аталышындагы эл аралык Workshop өттү. 

Иш-чарага Erasmus+ долбоорунун  киберкоопсуздук боюнча Ош мамлекеттик университетиндеги координатору, «Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук» кафедрасынын башчысы Улукбек  Эркебаев катышты. 

Workshop алкагында ал баяндама жасап, Кыргызстанда  киберкоопсуздук тармагында адистерге болгон муктаждыктын өсүп жатканын белгиледи. Эркебаев кадрларды даярдоонун учурдагы абалына токтолуп, ОшМУда информациялык коопсуздук багыттарында ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле студенттерди практикага багыттап окутуу, реалдуу кейстер менен иштөө мүмкүнчүлүгүн түзгөн лабораториялык жана практикалык иштер боюнча да айтты. 

Иш-чарага Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын, илимий жана эксперттик уюмдардын өкүлдөрү катышып, киберкоопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелер, инновациялык окутуу ыкмалары жана окуу программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча тажрыйба алмашышты.

Мындай эл аралык иш-чараларга Ош мамлекеттик университетинин активдүү катышуусу билим берүү программаларын жаңылоого, академиялык кызматташууну кеңейтүүгө жана киберкоопсуздук тармагындагы илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде заманбап санариптик коомдун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого шарт түзөт.



 

Фото галерея