ОшМУнун 23 студенти Окумуштуулар Кеңешинин стипендианты болушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 23 студенти Окумуштуулар Кеңешинин стипендианты болушту

Image

Ош мамлекеттик университетинде атайын жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 23  студентке 11-июнда Окумуштуулар Кеңешинин  стипендианты деген сертификаттар, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Стипендианттар Ош МУнун «Эң мыкты студент» сынагынын жобосунун негизинде тандалып алынган. Сынак окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.