Бүгүн, 3-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин колледждеринде билим алган студенттер арасында спорттук мелдештер башталды.
Спартакиада 3-11-ноябрь күндөрү университеттин спорт комплекстеринде өтөт. Оюндар спорттун волейбол, жеңил отлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча болот. Жеңишке жеткен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар каралган.
Спартакиада студенттерди сергек жашоого үндөө, алардын арасынан мыктыларды тандоо, достукту чыңдоо максатында ар жылы өткөрүлөт.