КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖ жетекчилери билим берүү, илимдеги эл аралык кызматташуу боюнча пикир алмашты

Башкы Жаңылыктар

КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖ жетекчилери билим берүү, илимдеги эл аралык кызматташуу боюнча пикир алмашты

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайбери Кожобеков Санкт-Петербург шаарында өткөн «Кызматташуунун формуласы: КМШ мейкиндигиндеги илимий-билим берүү коллаборациялары» аттуу эксперттик сессияга катышты.

Конгресс КМШ, БРИКС жана ШКУ өлкөлөрүнүн университеттери, академиялык жана эксперттик коомчулук үчүн илим, билим берүү, технологиялык өнүгүү тармактарындагы мыкты кызматташтык тажрыйбаларын талкуулай турган ачык диалог аянтчасына айланды.

Эксперттик сессиянын уюштуруучулары «Ректор сүйлөйт!» басылмасынын редакциясы жана «Лань» компаниясы болду. Талкуу университет жетекчилерин, мындан тышкары жогорку билим берүү жана илим жаатындагы эксперттерди бириктирди. Башкы тема — жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча декларациялардан чыныгы инструменттерге жана туруктуу аралык университеттик өнөктөштүктөргө кантип өтүү маселеси болду.

RAEX Рейтинг агенттигинин башкы директорунун орун басары Дмитрий Кабалинский КМШ мейкиндигиндеги университеттердин эл аралык кызматташтыгы боюнча аналитикалык серепти сунуштады. Аймактагы жогорку окуу жайлар үчүн негизги артыкчылыктарды жана чакырыктарды да белгилеп өттү. Ошондой эле ал ар кайсы өлкөлөрдүн университеттеринин билим берүү, илимий жана социалдык үч негизги миссиясын ишке ашыруудагы салымдарынын катышын көрсөттү.

Эксперттер илимий-билим берүү коллаборацияларын өлкөлөрдүн технологиялык эгемендүүлүгүн калыптандыруунун маанилүү бөлүгү катары да карап чыгышты. Мамлекеттер тарабынан бул багыттагы демилгелерди стимулдаштыруу чараларын талкуулашты.

Ректорлордун пикири боюнча, жогорку окуу жайлардын эл аралык кызматташтыгын күчөтүү үчүн төмөнкү кадамдар зарыл:

Биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн санариптик аянтчаларды өнүктүрүү;
Биргелешкен гранттык программаларды иштеп чыгуу;
Биргелешкен билим берүү программаларына бюджеттик орундарды бөлүү;
Ар кайсы өлкөлөрдүн университеттеринин рейтингдик жыйынтыктарын өз ара таануу маселесин карап чыгуу;
КМШ өлкөлөрү менен академиялык алмашуу процессинде административдик, бюрократиялык жана каржылык механизмдерди жөнөкөйлөтүү.

Бул сунуштар конгресстин жыйынтык резолюциясынын долбооруна киргизилди.

Иш -чара 30-31-октябрь күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өттү. Бул талкуу КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы жана Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңеши тарабынан уюштурулган «Кызматташуунун интеллектуалдык коду» аттуу эл аралык илимий-билим берүү конгрессинин алкагында өттү.

Фото галерея