Студенттер Алымбек датка боюнча билгичтиктерин сынашты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Алымбек датка боюнча билгичтиктерин сынашты

Image

Ош мамлекеттик университетинин студенттери арасында «Алымбек баскан кан жол — урпактарга кен жол» аталышында интеллектуалдык таймаш болду. Ага институт жана факультеттерден куралган 19 команда катышты.  

Акыл таймашы беш баскыч менен уюштурулду. Биринчи баскычта катышуучулар Алымбек датканын өмүр таржымалы боюнча суроолорго жооп беришти. Андан кийин «Курманжан датка» көркөм тасмасына байланышкан суроолор берилди. Жарым финал жана финалдык бөлүктөрдө логикалык жана аналитикалык суроолор берилди. Мында катышуучулардын тез ой жүгүртүү жана команда менен иштөө жөндөмдөрү сыналды.

Жыйынтыгында Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз тили адистигинин “Тилиммен” командасы 1-орунду ээлеп, баш байге — Ташкент шаарына эки күндүк жолдомого ээ болушту. Ал эми  2-орун Тарых жана юридика институтунун “Улут үнү” командасына, 3-орун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Мурас” командасына ыйгарылды.

Таймаш тарыхый инсан Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына карата демилгеленди. Максаты — кыргыз элинин чыгаан уулунун тарыхтагы ордун даңазалоо жана жаштардын тарыхый мурас тууралуу билимдерин тереңдетүү.

 

Фото галерея