Ошто студент мырзаларга арналган укук бузуулардын алдын алуу боюнча лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

Ошто студент мырзаларга арналган укук бузуулардын алдын алуу боюнча лекция өттү

Image

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан окуу жайлардын студент мырзаларынын арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук жана басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдүн кесепеттерин түшүндүрүү максатында иш-чара уюштурулду.

Иш-чара Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын окутуучулары  милициянын майору Улан Жусупов, милициянын майору Мухаммедали Малабаев жана милициянын лейтенанты Чынарбек Кубатовдун катышуусунда өттү. Жыйынды ОшМУ Ош шаардык прокуратурасы менен биргеликте уюштурду.

 

Фото галерея