ОшМУда социалдык өнүгүү маселеси талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда социалдык өнүгүү маселеси талкууланды

Image

Кыргызстандын социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде “Социалдык өнүгүү – туруктуу келечектин негизи” аталышындагы конференция болду. Ага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, социалдык тармактын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада социалдык кызматкерлердин коомдогу ордун даңазалоо менен бирге  аталган тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле кесиптик биримдикти чыңдоо керектиги айтылды.

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору  Мастура Шарипова социалдык өнүгүү туруктуу коомдун негизги көрсөткүчү экенин белгилеп, кесиптик майрам менен катышуучуларды куттуктады. 

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайда социалдык маселелердин ишке ашырылышы, билим берүү кызматкерлеринин жана студенттердин социалдык абалдарын жакшыртуу, жаштар менен иштөө сыяктуу бир катар баяндамалар окулду. Жыйындын соңунда  социалдык кызматкерлердин коомго кошкон зор салымы белгиленип, бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 

 

 

Фото галерея