Бүгүн, 17-октябрда Ош мамлекеттик университетиндеги Жапон борборунда “Жапон маданият күндөрү” өттү. Анда катышуучуларга жапон тилинде, орусча субтитрлер менен “Керемет жаныбызда” тасмасы көрсөтүлдү. 2019-жылы тартылган тасма мектеп темасына арналып, узактыгы 120 мүнөттү түзөт.
Иш-чарага тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Жапониянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сузики мырза катышты.
“Жапон маданият күндөрүн” Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Жапон борбору биргеликте уюштурууда. Иш-чара эртең, 18-октябрда ОшМУнун башкы имаратында уланат. Анда катышуучуларга концерттик программа тартууланып, юката кийүү, каллиграфия, оригама, салттуу жапон оюндары боюнча манадий көрсөтмө бурчтары тартууланат.
ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде Жапон борбору бар. Анда 55 студент жапон тилин жана маданиятын өздөштүрүүдө. Ошондой эле университет Киото Минсай эл аралык япон тили жана маданияты мектеби менен кызматташып, жыйырмадан ашык студент Жапонияда билим алып келишкен. Учурда дагы жети студент ал жакта окуусун улантууда.
Ошондой эле окуу жай Токио медициналык жана стоматологиялык университети менен биргеликте кир абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган SATREPS долбоорун ишке ашырууда.