Евразиялык тармактык университеттердин форуму  ОшМУда өтөт

Башкы Жаңылыктар

Евразиялык тармактык университеттердин форуму  ОшМУда өтөт

Image

22-23-октябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында “Евразиялык тармактык университет” (ЕСУ) илимий-билим берүү консорциумунун форуму өтөт. 

Иш-чара Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары, мамлекеттик түзүмдөрү, бизнес өкүлдөрү жана коомдук уюмдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маанилүү жылдык иш-чара болуп эсептелет.

Форумдун алкагында пленардык жыйын, “ЕАЭБдеги технологиялык секирик: билим берүү, илим жана бизнести интеграциялоо” аттуу стратегиялык сессиялар болот. Ошондой эле  “Евразиялык интеграциянын келечеги: илимий, академиялык жана ишкердик демилгелерди ишке ашыруу стратегиялары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция жана ЕСУнун Координациялык кеңешинин жыйыны өтөт.

Уюштуруучулар белгилегендей, форум Евразия мейкиндигиндеги илим менен билим берүүнү бириктирүүчү маанилүү кадам болуп, жыйынтыгында эл аралык жаңы келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

ЕСУнун форуму Ош мамлекеттик университетинин илимий жана эл аралык байланыш тармагындагы потенциалын дагы бир жолу тастыктап, Кыргызстанды аймактагы ири билим берүү борборлорунун бири катары көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.