ОшМУнун окутуучулары Ноокаттагы мугалимдерге билим берүү стандарттары, санарип сабак боюнча семинар өтүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Ноокаттагы мугалимдерге билим берүү стандарттары, санарип сабак боюнча семинар өтүштү

Image

ЖОЖ менен мектеп байланышы долбооруна ылайык кыргыз тилин заманбап технологиялар менен окутуу жаатында Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова баштаган адистер Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал» орто мектебинде семинар өтүштү.

Демилгелүү топто улук окутуучу Асылкан Маматова, окутуучулар Кызжибек Темирова, Гүлзина Эсенали кызы, Элиза Сайпидинова бар. Алар мугалимдерге билим берүү стандарттары жана санарип сабак темалары боюнча маалыматтарды берип, талкуулар уюштурулду.  

Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара алдыда башка мектептерде да улантылат. Семинар кыргыз тилин окутууда ЖОЖдор менен мектептердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз тилин заманбап технологиялар менен окутуу жана президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жатат. 

Фото галерея