Бюрократиясыз илим: изилдөөчүлөрдү аттестациялоонун жаңы эрежелери бекитилди

Башкы Жаңылыктар

Бюрократиясыз илим: изилдөөчүлөрдү аттестациялоонун жаңы эрежелери бекитилди

Image

Кыргызстандын  Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги маалымдагандай, Министрлер Кабинети илимий жана илимий-педагогикалык жогорку квалификациядагы кадрларды аттестациялоо тармагын жөнгө салуучу жаңы нормативдик актыларды бекитти.

Бул өзгөрүүлөр илимий аттестация системасын реформалоонун маанилүү кадамы болуп, анын негизги максаты — процедураларды жөнөкөйлөтүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана кыргыз илимин эл аралык мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.

Сандан сапатка көңүл буруу
Эми илимий эмгектерди жарыялоо боюнча жаңы талаптар киргизилди. Изилдөөчүлөрдүн макалалары Scopus, Web of Science жана РИНЦ сыяктуу эл аралык маалымат базаларында жарыялануусу зарыл. Бул талап кыргыз окумуштууларынын жана жогорку окуу жайларынын эл аралык рейтингдердеги ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Коргоо тартибин жеңилдетүү
Мурдагыдай талапкерлер үчүн татаал жана эскирген этаптар — кандидаттык минимумдар, кайталаган экспертизалар жана президиум тарабынан кошумча бекитүү — жоюлду.
Эми диссертацияны коргоо төмөнкү тартипте өтөт:

  • ВАКтын (Жогорку аттестациялык комиссиянын) расмий сайтында коомдук талкуу жүргүзүлөт;
  • Коргоо өткөрүлө турган жерде эксперттик жыйын өтүп, коомдук талкуунун жыйынтыктары жана адистердин пикирлери эске алынат.

Бул өзгөрүү процессти ачык, заманбап жана реалдуу илимий баалоого багытталган формага өткөрөт.

Коргоо мөөнөттөрүндө эркиндик
Мурун кандидаттык диссертация үчүн үч, докторлук үчүн беш жылдык мөөнөт чектөөсү бар болчу. Эми изилдөөчүлөр өз эмгектерин даярдык даражасына жараша каалаган убакта коргой алышат. Бул, айрыкча, жаш жана демилгелүү окумуштуулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Балл системасынын жоюлушу
Эми белгилүү бир упай чогултуу талабы алынат (кандидаттар үчүн 100, докторлор үчүн 250 упай талап кылынчу). Негизги баалоо критерийи — илимий жаңылык, актуалдуулук жана илимге кошкон салым болуп калды.

Диссертациялык кеңештерди оптималдаштыруу
Кеңештин курамы 13–25тен 9–15 мүчөгө чейин кыскартылды. Бир кеңеш үч гана илимий багыт менен иштейт. Ошондой эле документтерди кайра тапшыруу мөөнөттөрү кыскартылып, бюрократиялык тоскоолдуктар азайтылды.

Илимий адистиктердин номенклатурасы жаңыртылды
Мурда 422 болгон илимий адистиктердин саны 192ге кыскартылды. Багыттарды ири топторго бириктирүү аркылуу системалуу жана заманбап классификация түзүлдү.

Чет өлкөлүк дипломдорду автоматтык таануу
Кыргызстанда биринчи жолу PhD жана Dr.Habil даражаларын автоматтык нострификациялоо (таануу) системасы киргизилди. Бул эрежелер QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринин TOP-500 тизмесине кирген университеттерде берилген дипломдорго тиешелүү болот.

Жаңы эрежелер илимий кадрлардын даярдык сапатын арттырып, кыргыз илимине эл аралык аянтта атаандаштык жөндөмдүүлүк берет деп күтүлүүдө.