ОшМУда Кыздардын эл аралык күнүнө карата «Ааламдын көркү — аялзат» форуму өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыздардын эл аралык күнүнө карата «Ааламдын көркү — аялзат» форуму өттү

Image

Кыздардын эл аралык күнүнө карата 10-октябрда Ош мамлекеттик университетинде «Ааламдын көркү — аялзат» аттуу форум болуп өттү. Иш-чара кыз-келиндердин коомдогу, үй-бүлө куруудагы жана жаш муундарды тарбиялоодогу ролун даңазалоо, ошондой эле учурда болуп жаткан зордук-зомбулук көйгөйүнө көңүл буруу максатында уюштурулду.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын Легендарлуу парламентинин депутаты, Ош облусунун Аялдар жана үй-бүлө кеңешинин төрайымы Айкөкүл Мырзакаримова, Ош шаардык кеңешинин депутаты Айжан Тогузакова, "Леди Клиник" төрөт үйүнүн негиздөөчүсү, акушер-гинеколог Айканыш Кадырбекова, активист, «Сантерра-Юг» уюмунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова, Ички иштер министрлигинин республикалык окуу борборунун өкүлү Лилия Хафизова Кыздар күнүнө арналган баяндамаларды жасашты. Катышуучулар интерактивдүү талкууларга, кызыктуу оюндарга катышып, концерттик программага күбө болушту.

Форумга ОшМУнун коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Аялдар кеңешинин төрайымы Гулнара Сейитказыева, Ош мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, чакырылган спикерлер, 14 жаштан 35 жашка чейин кыз-келиндер катышты. Иш-чараны Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин алдындагы “Кыздар Кеңеши” жана Миграциялык ресурстук борбор, Ош мамлекеттик университети биргеликте уюштурду.

Эске салсак: 11-октябрда бүткүл дүйнө жүзү Кыздардын эл аралык күнүн белгилейт. Бул күн 2011-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында белгиленген. 

 

Фото галерея