Бүгүн, 10-октябрда Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрында III эл аралык Сарахси симпозиумунун ачылыш аземи өтүп жатат.
Пленардык отурумда Түркиянын Ислам изилдөө борборунун төрагасы Мүртеза Бедир "Дебусиден Сарахсиге чейинки укук түшүнүгү жана анын бүгүнкү мааниси", ОшМУнун профессору Байболот Абытов "Имам Сарахси – Кыргызстандын жана Түркменстандын мурасы", Түркиядан келген философия доктору Генжал Шеняйла "Сарахсинин күбөлүгү жана доорунун саясий, социалдык жана маданий түзүлүшү" темаларында баяндамаларды жасашат.
Симпозиумга Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, “ГАЙЕ” фондунун башкаруу кеңешинин төрагасы, профессор Мустафа Жеват Акшит, фонддун төрагасы Мехмет Акшит, Памуккале университетинин ректору Махмуд Гүнгөр, Кыргызстан муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ОшМУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору Элзарбек Эшаров, дин аалымдары, окумуштуулар катышууда. Иш-чаранын модератору Теология факультетинин деканы Ниязали Арипов.
Конференция Имам Сарахсинин илимий мурасын терең изилдеп, замандын талаптарына ылайык талкуулоо жана Кыргызстан менен Түркиянын илимий кызматташтыгын чыңдоо максатында уюштурулууда. Иш-чара эртен, 11-октябрда Ош мамлекеттик университетинде уланат.
Бүгүн күндүн биринчи бөлүгүндө Өзгөн шаарында “Имам Сарахсий” билим берүү борборунун курулушуна расмий старт берилди. Салтанатта Куран окулуп, курулуштун символикалык башталышын билдирген мезгил кутусу салынды. “Имам Сарахсий” билим берүү комплекси Түркиянын ГАЙЭ фонду тарабынан каржыланып, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү жана социалдык объектилерди камтыйт.