Студенттерге дем берүүчү иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге дем берүүчү иш-чара өттү

Image

Бүгүн, 9-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Мегалайн” компаниясынын жетекчиси Самарбек Субанкулов,“Сынак” билим берүү борборунун негиздөөчүсү, тренер Нурлан Кармышаков жана Грузиянын AllTrustMe Cripto компаниясынын өкүлү Мустафа Набиев студенттерге өз тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Ошондой эле жеке инсандык өнүгүү жана IT тармагындагы жаңы тенденциялар боюнча да пайдалуу кеңештерди беришти. 

Студенттердин чыгармачылык жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган иш-чараны “Studclub” клубу университеттин Жаштар комитети менен  биргеликте демилгелеген. Буга байланыштуу анын жүрүшүндө клубдун максаттары, иш-аракеттери жана алдыдагы долбоорлору тууралуу презентация көрсөтүлдү. Студенттерге клубдун мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылды.

 

Фото галерея