Студенттер арасында спорттук мелдештер башталды

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында спорттук мелдештер башталды

Image

Бүгүн, 6-октябрда Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунда бакалвр баскычында билим алган студенттери арасында спорттук мелдештер башталды. 

Ачылуу аземинде ректор Кудайберди Кожобеков катышуучуларга  ийгилик каалап, университетте студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.

Спартакиада  6-14-октябрь күндөрү окуу жайдын спорт комплекстеринде өтөт. Оюндар спорттун волейбол, жеңил отлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча болот.Ал эми жеңишке жеткен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар каралган. 

Спартакиада студенттерди сергек жашоого үндөө, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында ар жылы өткөрүлөт. 

 

Фото галерея