Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Акром Тешабоев, окутуучу Давронбек Азизов 26-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтуна расмий сапар менен келишти.
Алар окутуучулар жана студенттерге «Билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу маселелери» жана «Окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу» темаларында конок лекция окуп беришти.
Лекцияларда билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу окутуу процессин жеңилдетип, студенттердин билим деңгээлин автоматтык түрдө баалоого жана окутуучуларга методикалык колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин айтышты. Ошол эле учурда маалыматтын коопсуздугу, академиялык чынчылдыкты сактоо жана технологияны туура колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектиги белгиленди.
Коноктор Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директорунун милдетин аткаруучу Замирбек Божонов менен да жолукту. Анда тараптар билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык кызматташтык багытында пикир алышты.
Иш-чараны педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова уюштурду