26-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Чехиядан, Орусиядан жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан келген коноктор, окумуштуулардын катышуусунда илимий-практикалык конференция болду. Иш-чара тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата “Алымбек датка: тарыхтагы орду жана мурасы» деген аталышта уюштурулду.
Катышуучулар ОшМУнун имаратынын фойесинде “Улуу Алтай” эл аралык этнографиялык экспедицияларынын материалдары боюнча коюлган “Салтты сактаган Алтай” фото көргөзмөсүнө күбө болушту. Анда Алтай мамлекеттик университети менен ОшМУнун окумуштууларын Алтайдын Онгудай, Улаган жана Кош-Агач райондорунда уюштурулган экспедициянын эмгектери коюлган.
Конференцияда Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Алтай мамлекеттик университетинин тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров, коомдук ишмер Балтагул Нурунбетов, ОшМУнун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасыны доценти Жумадил Адилбаев куттуктоо жолдоп, конференциянын актулдуулугун белгилешти.
Пленардык отурумда жана секциялык иштерде XIX кылымдагы Борбор Азиядагы коомдук-саясий кырдаал жана кыргыз коомунун абалы, Алымбек датканын мамлекеттик, саясий ишмердүүлүгү, кыргыз коомунда аялдардын орду, Курманжан датканын тарыхый феномени, тарыхый инсандардын мурасын билим берүү жана тарбия жараянында колдонуу темаларында баяндамалар жасалды. Такуулар да орун алды.
Иш-чара ОшМУнун Тарых-юридика институту тарабынан уюштурулду.