23-сентябрда ОшМУнун медицина факультетинде, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда Мамлекеттик тил күнүнө жана мамлекеттик тил макамынын 36 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду.
Медицина факультетиндеги иш-чарада ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова мамлекеттик тилдин улуттук биримдиктеги жана руханий баалуулуктардагы ордуна токтолду. Студенттер эне тилди даңазалаган концерттик программа тартуулашты. Активдүү катышкандарына Ардак грамоталар тапшырылды.
“Мамлекеттик тил – улуттун жүрөгү, ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталуусу керек. Бул күн биздин тилибизге болгон сүйүүбүздү, урмат-сыйыбызды көрсөтүүчү өзгөчө учур”, — дейт ал.
Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтундагы иш-чарада келечектеги IT-адистери кыргыз тилин маалымат мейкиндигинде сактап, жаңы бийиктиктерге көтөрүү керектиги айтылды. Тилди даңазалаган иш-чаралар ыр, бий жана күү менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.
Ал эми STEM инновациялык колледжинде студенттер жана окутуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа көрүүчүлөргө коюлуп, мамлекеттик тилдин коомубуздагы орду жана мааниси ар тараптуу даңазаланды.