Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине ОшМУ активдүү катышууда

Башкы Жаңылыктар

Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине ОшМУ активдүү катышууда

Image

 

Бүгүн, 11-сентябрда Алымбек датканын 225 жылдыгы Ы.Жаманкулов атындагы Алай райондук маданият үйүндөгү иш-чара менен башталды. ОшМУнун жамааты Ош облустук администрациясы менен биргеликте “Кыргызстандын тарыхында Алымбек датканын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү орду жана ролу” деген аталыштагы салтанаттуу жыйын уюштурду.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тарыхчы-илимпоздор, коомдук ишмерлер, Алымбек датканын урпактары катышып, баяндама жана докладдар жасалды.

Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чараларда чыгармачыл студенттер, окутуучулардын колдорунан жасаган улуттук буюмдардын жана кол өнөрчүлүк иштеринин көргөзмөсү тартууланды. Окуу жай "Мыкты боз үй" аталышындагы сынакка да катышууда.

Фото галерея