КЕЛЕЧЕГИҢДИ РОБОТОТЕХНИКА ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ КЕСИБИН ТАНДОО МЕНЕН БАШТА!

Башкы Жаңылыктар

КЕЛЕЧЕГИҢДИ РОБОТОТЕХНИКА ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ КЕСИБИН ТАНДОО МЕНЕН БАШТА!

Image

ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту 2025-2026-окуу жылында мехатроника жана робототехника багытындагы  робототехника жана жасалма интеллект адистигине АБИТУРИЕНТТЕРДИ кабыл алат!

Роботторду түзүп, жасалма интеллект менен дүйнөнү өзгөрткүң келеби? Анда мехатроника жана робототехника багытындагы робототехника жана жасалма интеллект адистигин танда!

Бул адистик эмне берет?

* Интеллектуалдык роботторду долбоорлоо жана программалоо

* Жасалма интеллект алгоритмдерин түзүү

* Мехатрондук системаларды башкаруу

* Практикалык лабораториялар жана реалдуу долбоорлор

* Илимий-изилдөө жана стартап мүмкүнчүлүктөрү

2 жыл ОшМУда, 2 жыл Кытайда окуп,  КОШ ДИПЛОМ алуу мүмкүңчүлүгүнө ээ болушат. ЖРТнын негизги тести талап кылынат.

Бул тармакта бүтүрүүчүлөр дүйнөлүк деңгээлдеги инженерлер, изилдөөчүлөр жана IT адистери болуп чыгышат. Алар робототехника, автоматташтыруу, жасалма интеллект жана өндүрүш тармактарында чоң суроо-талапка ээ.

Окуу практикага негизделген, заманбап лабораторияларда өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, ОшМУда  жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан лабораториялык база болуп саналган  "Келечек муундун ХАБы" борбору бар.

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш номери аркылуу сурап, биле аласыз

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Абитуриенттер үчүн телеграмм канал: https://t.me/+nq6oWE6vphNkM2Uy

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Call-центр байланыш кызматы (996) 770111110

Сайт: www.oshsu.kg

Е-mail: priem@oshsu.kg

Факс: 0(3222)70915

Телефон:  0(3222)70818,

 

Биздин дарек: Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы 137-каана

Фото галерея