Ош шаарындагы 2 колледж  ОшМУнун карамагына алынды

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарындагы 2 колледж  ОшМУнун карамагына алынды

Image

Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык Ош шаарындагы Ош курулуш колледжи жана Ош айыл чарба колледжи Ош мамлекеттик университетинин карамагына алынды. 

Буйрукка 5-июнда кол коюлган. Мындай чечим Ош курулуш колледжинин жана Ош айыл чарба колледжинин ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жөнүндө окуу-усулдук жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле материалдык-техникалык базаны бекемдөө, илимий жана практикалык даярдыгы бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында чыгарылган.

Кошумча маалымат: 2025-2026- окуу жылында жогоруда аты аталган эки колледжге абитуриенттерди кабыл алуу ОшМУнун кабыл алуу комиссиясы аркылуу жүргүзүлөт.