Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө ЖОБО

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө ЖОБО

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ №174 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бектитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы мыкты окуусун илимий-изилдөөчүлүк жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып, өзгөчөлөнгөн студенттерге финансылык колдоо көрсөтүү максатында 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча стипендияны ыйгаруy бакалаврды даярдоо программасынын 3-курсунун жана адистерди даярдоо программасынын 3-4- курстарынын жыйынтыгы менен Президенттик стипендияны ыйгаруу үчүн өлкөбүздөгү бардык жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн билим берүү уюмдарына (менчигинин түрүнө карабастан) аталган Жарлыкка ылайык жана баалоо системасынын талаптарына толук жооп берген татыктуу студенттердин (курсанттардын) тизмесин (сөзсүз түрдө толук документтер менен коштолгон окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде) түзүүнү жана аталган тизмени 2025-жылдын 30-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгына тапшырууну маалымдайт.

КР Президентинин Жарлыгы

Студенттин тизмеси жана жетишкендиктери жөнүндөгү материалдарды тиркемедеги таблицанын негизинде толтуруп сөзсүз түрдө толук документтер жогорку кесиптик билим берүү уюмунун жетекчисинин колу менен министрликтин кароосуна берүүсү зарыл.

ОшМУда документтер 26-августка чейин окуу жайдын башкы имаратындагы 121-каанада кабыл алынат.

Байланыш телефон: 0706686779