24-июнь күнү Ысык-Көлдөгү «Кыргыз деңизи» санаторийинин спорттук базасында Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери арасында «Ден соолук» спартакиадасы старт алды.
Ачылыш аземге спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана окутуучулар жааматы катышты.
Спартакиадага ОшМУдан 64 профессордук-окутуучулук курам катышууда. Жалпы команданы Кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров жетектеп барды.
Мелдештер 29-июнга чейин уланат.