19-июнунда Кытайдын Ганьсу провинциясынын Байинь шаарында Байинь тоо-металлургиялык кесиптик-техникалык окуу жайы, Ош мамлекеттик университети, Jiangsu Huibo Robot Technology компаниясынын ортосунда «Пейли устаканасы» аттуу кызматташтык долбоорунун ачылышы жана үч тараптуу келишимге кол коюу аземи өттү.
«Бир алкак, бир жол» демилгесинин 12 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун проректору Уларбек Молдояров баштаган делегация Кытайдагы өнөктөш окуу жайлардын заманбап лабораториялары, окуу-өндүрүш борборлору менен таанышты. Алар биргелешкен билим берүү жана кадр даярдоо долбоорлорунун алкагында тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алды.
«Пейли устаканасы» — бул кесиптик билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган үлгүлүү платформа болуп саналат. Аталган демилге кесиптик билим берүүдөгү сапатты арттыруу, инновациялык ыкмаларды киргизүү жана өнөр жай менен билим берүү чөйрөсүн айкалыштыруу максатында ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында заманбап жабдуулар менен камсыздалган окуу борборлору түзүлүп, окутуучулар жана студенттер үчүн адистиктерди тереңдетип окутуу, тил үйрөнүү жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу каралган.
«Долбоор эки элдин жаштарын жакындаштырууга жана өз ара түшүнүшүү аркылуу жогорку сапаттагы кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт. Бул кызматташтык университеттер, индустриялар ортосундагы байланыштын ийгиликтүү мисалы катары Борбор Азияда интеллектуалдык өндүрүш жаатында жаңы муун адистерин тарбиялоого багытталган жана ОшМУнун эл аралык байланыштарын тереңдетүүдөгү маанилүү кадамы болуп саналат», - деди Молдояров.
Ошондой эле иш-чарада ОшМУ менен Кытайдагы өнөктөш мекемелер кесиптик билим берүү, окуу программаларын жана стандарттарды иштеп чыгуу, окутуучулардын академиялык квалификациясын жогорулатуу, чет тилдерди үйрөтүү боюнча окуу материалдарын биргелешип түзүү, маданий-гуманитардык багыттагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында бир катар макулдашууларга жетишти.