
19-июнда Ош мамлекеттик университетинде рак илдетин алдын ала аныктоо боюнча даярдалып жаткан долбоорго арналган онлайн жыйын уюштурулду. Анда долбоор боюнча презентация жасалып, маалыматтар берилди. Ошондой эле түштүк аймагында ракка чалдыккандарды эрте аныктоо багытында жасала турган иштер боюнча сөз болду. Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык саясаты жана стандарттары боюнча да маалымат айтылды.
Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн социалдык жана коомдук байланыштар боюнча адиси Т. Эркинбеков, Академиялык инновациялар фондунун катчылыгынын улук адиси Ф. Рыскулуева, жогорку билим берүү боюнча адис Н. Токтогулова, операциялар боюнча адис Б. Бекибаева катышты. Ал эми ОшМУ тараптан илимий иштер боюнча проректор Э. Эшаров, Медициналык клиниканын директору Ж. Иметова, тиешелүү структура жетекчилер катышты.
Аталган долбоорго багытталган иштер 2021-жылдан бери аткарылып келген. Жакынкы арада долбоор жактырылса стратегиялык планга кол коюлат. Анын алкагында Жогорку билим берүү боюнча изилдөө борбору жана Сүт бези шишигин эрте аныктоо борбору түзүлүп, ОшМУнун Медициналык борборунун алдында иш алып барат. Долбоордун баасы 4 млн долларды түзөт.
“КИВО” (Жогорку билим берүүдө сапатты жогорулатуу) долбоору Билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.