Илим изилдөөчүлөр Түркиядагы журналдарга макала жөнөтүүнүн жолдору боюнча маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Илим изилдөөчүлөр Түркиядагы журналдарга макала жөнөтүүнүн жолдору боюнча маалымат алышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда «Түркиядагы журналдарга макала жөнөтүүнүн жолдору» аттуу илимий-методикалык семинар уюштурулду. 11-июнда өткөн окутууну илим жана инновациялар боюнча проректор Элзар  Эшаров ачып, иш-чаранын илим изилдөөчүлөр үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Түркиядан келген баяндамачылар Максут Абдираимов жана Султанбек Халматов угуучуларга аталган өлкөдөгү илимий журналдарга макала жазуунун жол-жобосу, макала жөнөтүү боюнча илимий жана практикалык маанидеги пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүштү. Семинарга жалпысынан окуу жайда эмгектенген 107 изилдөөчү катышты.

Буга чейин ОшМУда жана Түркияда жайгашкан “Кут Билим” изилдөө, маданият жана тилектештик коому ортосунда меморандум түзүлгөн. Анын алкагында тараптар илимий изилдөө долбоорлорун биргелешип даярдап, ишке ашыруунун үстүнөн иш алып барат. Андан сырткары илимий басылмалар, маалымат таратуу менен биргелешкен онлайн жана басма журналдарды же жыйнактарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралган.

 

Фото галерея