
Бүгүн, 9-июнда Ош мамлекеттик университетинде “Аял дебе...” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Анда “Аял укугу-адам укугу” темасында аялдардын коомдогу орду, эне, кыз, аял, алардын өлкө жараны катары кадыр-баркы, учурда коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөр, гендердик зомбулук маселесинде маалымдуулукту жогорулатуу, алдын-алуу маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.
Аялдарды даңазалаган ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар ырдалды.
Тегерек столду окуу жайдын факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучусу Гулнара Кадырова менен мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу Джыпар Калымбетова президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын негизинде уюштурду.
Иш-чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Аялдар кеңешинин төрайымы Гулнара Сейитказыева, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору Олжобай Шаимкулов, окутуучулар, студенттер катышты.