
ОшМУнун профессору Курманали Матикеевдин “Кыргыз улутунун тарыхый географиясы” аттуу жаңы китеби АКШнын Калифорния штатындагы Publishing Genie басмаканасында 2025-жылдын май айында англис тилинде жарыкка чыкты.
Аталган эмгек азыркы Кыргызстандын аймагында жана анын чегинен тышкары тарыхый мамлекеттердин жана саясий түзүлүштөрдүн пайда болушунун жана кулашынын татаал тарыхына жаңыча көз карашты сунуштайт. Анда Борбор Азиядагы жана Алтай чөлкөмүндөгү бүгүнкү элдердин, анын ичинде кыргыздардын түптөлүшү географиялык анализге таянып чагылдырылган.
“Кыргыз улутунун тарыхый географиясы” китеби дүйнө жүзүндөгү көрүнүктүү окумуштуулардын олуттуу эмгектеринин катарында АКШнын Конгрессинин китепканасында сакталып турат.
Окурмандар автордун https://matikeevkurmanali.com/ сайтына кирип, комментарий калтырып же суроо берсе болот. Чыгарма англис тилдүү окурмандардын арасында кыргыз улутун дүйнөгө таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Китеп катуу мукабалуу, e-Kindle форматтарында басылып чыккан. Amazon жана Barnes & Noble сыяктуу дүйнөлүк платформалардан сатып алууга болот. Китепти төмөнкү шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз: шилтеме
Курманали Матикеев – илимдин доктору, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, насаатчы, бүткүл Кыргызстанга, Борбор Азияга жана Евразияга белгилүү болгон окумуштуу. Анын илимий кызыкчылыктары физикалык география жана тарыхый географияны айкалыштыруу менен кыргыз элинин маданий байлыгы болгон «Манас» эпосун тарыхый булак катары пайдаланып, ѳткѳн окуяларды талдоого басым жасайт.
Матикеевдин изилдөѳ ыкмалары кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө калыптанып калган бир жактуу изилдөө ыкмаларынан айырмаланып турат. Иликтөөдө ал чыгармачыл ой жүгүртүүнү, ар тараптуу анализди жана дисциплиналар аралык методдорду пайдаланып жана алардын маанилүүлүгүн көрсөтөт. Автор 200гө жакын илимий макалалардын, 29 окуу-усулдук, илимий-популярдуу китептин автору.