ОшМУнун окутуучусу «Санарип академия» долбоорунун алкагында билим алып келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу «Санарип академия» долбоорунун алкагында билим алып келди

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучусу, PhD Нургүл Караева «Санарип академия» долбоорунун алкагында Дубай шаарында илимий-билим берүүчү стажировкадан өттү. Анын сапары 29-майда башталып, 5-июнга чейин созулду. 

Караева долбоордун алкагында эки алдыңкы жогорку окуу жайда — Вуллонгонг университети жана Дубай университетинде болуп, билим берүү системалары менен таанышты. Ошондой эле заманбап окутуу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашты.

«Окутуунун жүрүшүндө инженерия, STEM-дисциплиналар, тарых жана педагогика багыттарында заманбап окутуу ыкмаларын талкуулап, эл аралык билим берүү тажрыйбалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук», —дейт Нургүл Караева.

«Санарип академиясы» санариптик билим берүүнү өнүктүрүү, мугалимдерди жаңы технологияларга даярдоо жана санариптик дүйнөгө интеграциялоодо алардын потенциалын жогорулатуу максатын көздөйт. Академия 2019-жылы Асылбек Мадалиев тарабынан негизделген. 

 

 

 

Фото галерея