
Кыргызстандагы Erasmus+ улуттук программалык кеңсеси онлайн-семинарга чакырат. «Ош мамлекеттик университетинин төртүнчү муундагы университетке өтүү жолундагы тажрыйбасы» аталышындагы семинарда окуу жайдын ректору, профессор Кудайберди Кожобеков спикер болот.
Ал университеттин санариптик трансформация жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграция жаатындагы жетишкендиктерин сунуштайт.
Семинарга жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана жогорку билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнө кызыккандар катыша алат. Иш-чара 10-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат жана онлайн (Zoom платформасында) өтөт. Кошулуу үчүн төмөндөгү шилтемеге киресиз: https://us06web.zoom.us/j/89289460045...
ОшМУ Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасында инфраструктураны модернизациялоо жана төртүнчү муундагы университет моделин түзүү боюнча алдыңкы орунда турат.