ОшМУнун илимпоздору тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор «Салам, Ош – 2025» жарманкесине коюлду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун илимпоздору тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор «Салам, Ош – 2025» жарманкесине коюлду

Image

3-июнда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөн «Салам, Ош – 2025» экинчи эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине ОшМУнун илимпоздору тарабынан аткарылып жаткан долбоорлордун илимий жыйынтыктары жана студенттердин стартаптары коюлду.

Жарманкеге коюлган илимий долбоорлор суутекти суудан химиялык жол менен алуу ыкмалары, дары чөптөрдөн табигый чай даярдоо, асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, этнографиялык изилдөөлөр, унутта калган баалуулуктарды чагылдыруу жана сунуштоо максатында тартууланды. 

Кыргыз элинин табигый жана маданий байлыктары заманбап илим менен айкалышып, жаңы багыттагы демилгелерди жаратууда. Жергиликтүү ресурстарга негизделген долбоорлор коомду өнүктүрүүгө салым кошууда.

«Салам, Ош – 2025» экинчи эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине Германия, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан,Түркмөнстан, Азербайжан жана Кыргызстандын бардык облустарынан келген уюмдар, мекемелер жана туроператорлор катышты. 

 

Фото галерея