
ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасынын жамааты Балдарды коргоо күнүнө карата Алай районунун Талды-Суу айылындагы памирлик кыргыздардын балдарына майрамдык иш-чара уюштурушту.
Анда окутуучулар жергиликтүү калкка "Заманбап инклюзивдик көндүмдөр" деген темада мастер-класс өтүп беришти. Иш-чарада эл менен баарлашуу аркылуу алардын жашоо-шарты, учурдагы көйгөйлөрү жана келечек пландары тууралуу маек куруп, пикир алмашуу жүрдү.
Жолгушууну уюштурууга "Социум" волонтердук клубу да активдүү катышып, фандрайзинг ишин жүргүзүштү. Топтолгон каражатка балдарга майрамдык белектер сатып алынып, тартууланды.
Бул жолку сапар студенттердин жана окутуучулардын коомчулукка кошкон салымын, этникалык кыргыздардын коомго интеграцияланышына көмөктөшүү багытында демилгеленген.
Жакында эле түзүлгөн Памир-Алай айылында жергиликтүү калк менен кошо 96 памирлик кыргыз жашоо кечирүүдө. Айыл башчысы Врачбек Кадыровдун айтымында, көчүп келгендер менен жергиликтүү эл тез тил табышып, ынтымакта күн кечиришүүдө. Мамлекет тарабынан алар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп берилген. Жаштары билим алып, кесипке ээ болууга аракет кылууда.