
Бүгүн, 3-июнда ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Олжобай Шаимкуловдун 60 жылдык мааракеси белгиленди.
Кечеге Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардан окумуштуулар, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жакын санаалаштары катышты. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев маараке ээсинин окумуштуу, илимпоз, педагог, уюштургуч жетекчи катары эбегейсиз эмгектерди жасап, адис даярдоого кошкон үлкөн салымын айтты. Креативдүү жетекчи катары кайсыл жерде эмгектенбесин талапчыл, күжүрмөн эмгекчилдиги менен ар кандай кызматтын майын чыгара иштеп, коллективди бир бүтүндүккө бириктире алгандыгын баса белгиледи.
Ал эми кесиптештери, шакирттери өрнөктүү өмүрү, чыгармачылык ишмердүүлүгү жөнүндө ойлорду айтып, куттуктоолорун жолдошту. Иш-чарада Шаимкуловдун бейнесин чагылдырган тасма көрсөтүлүп,концерттик программа тартууланды.
Олжобай Шаимкулов ОшМУ менен эриш-аркак болуп, билимин, тажрыйбасын, бүтүндөй акыл эмгегин окуу жайдын өнүгүүсүнө арнап келет. 30 жылдан ашуун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө ар кандай кызматтарды аркалаган. Ал эми илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө илимдин кандидаты болуу менен бирге элүүдөн ашуун илимий макалаларды жарыялап, окутуунун маани-мазмуну, методикасы боюнча методикалык сунуштарды берип, илимий-методикалык корутундуларды чыгарган.