ОшМУнун студенти республикалык сынактын жеңүүчүсү болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти республикалык сынактын жеңүүчүсү болду

Image

Ош мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын “Креативдик хап” кружогунун мүчөсү Таңшоола Калбекова “Педагогикалык дебют” аталашындагы республикалык сынакта жеңүүчү деп табылып, муздаткыч менен сыйланды.  

Сынак үч этаптан туруп, Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулду. Катышуучулар алгач онлайн тандоо турунан өттү. Андан кийин мектеп шартында сабак өтүп, презентация жасап, суроо-жооп, куралдарды пайдалануу жана педагогикалык кырдаалдарды чечүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. 

Аталган сынак ОшМПУнун 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.  

Таңшоола Калбекова — Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун 3-курсунун студенти. Ал англис тили багытында билим алууда. Калбекова сынакка педагогика кафедрасынын башчысы Гүлмира Жутанованын жетекчилиги астында катышты. Бул жеңиш “Креативдик хап” кружогунун демилгелери менен өскөн студенттердин кесиптик даярдыгы жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу далилдеди.

 

Фото галерея