ОшМУда “Энактас Кыргызстандын” улуттук чемпионаты өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Энактас Кыргызстандын” улуттук чемпионаты өтүп жатат

Бүгүн, 30-майда ОшМУнун базасында “Энактас Кыргызстан” тарабынан уюштурулган “Жаштар стартаптары EXPO - 2025” иш-чарасы башталды.

Эки күнгө созулган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жыйырмадан ашык “Энактас” командалары социалдык ишкердик, экология, санариптик инновациялар жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы долбоорлорун тартуулашат. Иш-чарага жүздөн ашуун катышуучулар, министрликтердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, ишкерлер, окутуучулар жана студенттер катышууда.

Командалар алгач төрт лигага бөлүнүп тандоо этабынан өтүшөт. Анда өздөрү даярдап алып чыккан бизнес идеяларын тартуулашат. Жарым финалдык беттештерден кийин мыкты төрт команда финалда таймашат. Чемпиондукту жеңип алганы Кыргызстандын атынан Таиландда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышат.

ОшМУнун “Энактас” командасы эки – “Эко түтүктөр”, “Gface” жана “GFingers” долбоорлору менен катышууда. Эко түтүктөр экологиялык долбоор болсо, “Gface” жана “GFingers” жасалма интеллекттин негизинде майыптыгы бар жарандарга жардам берүү багытында ишке ашкан долбоор болуп саналат. 

   Команда 1998-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толукталып келет. Бул жылдар аралыгында 100гө жакын бизнес долбоорлорду иштеп чыгышкан. Борбор Азиянын чемпиону, эки жолу Кыргызстандын улуттук, жети жолу вице-чемпиону болгон. Дүйнөлүк кубокто Кытайдын Пекин, Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын намысын коргогон.


 

Фото галерея