Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган поэзия фестивалы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган поэзия фестивалы жыйынтыкталды

Image

Акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган “Жашыл аалам” эл аралык поэзия фестивалынын жабылуу аземи 29-май күнү Ош улуттук драма театрында болуп өттү. 

Салтанатка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ТҮРКСОЙ эл аралык маданий уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы, Кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова жана башка расмий коноктор, акын-жазуучулар, шаар тургундары катышты.

Султан Раев фестивалды жогорку уюшкандыкта өткөрүүдө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековго ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалын тапшырды.

 Фестивалга катышкан Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындарына атайын сыйлыктар ыйгарылды. Акындын ырлары түрк тилдеринде жаңырып, эл артистери, маданият ишмерлери тарабынан аткарылып, даңазаланды.

Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан.

Фотолор Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды.
Фото галерея