
ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Былыкова баштаган делегация 20-майдан 23-майга чейин Казакстандын Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде иш сапарда болду.
Анда алар атайын жыйынга катышып, анда ОшМУда жана КазУКПУда окутуунун методикасы, сапаты боюнча тажрыйба алмашуу, ой бөлүшүүлөр жана суроо-жооптор менен коштолгон талкуу жүрдү. Ошондой эле эки окуу жайдын ортосунда ар тараптуу байланышты чыңдоо, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү маселелери каралды.
ОшМУнун делегациясына кампус боюнча тур уюштурулуп, “Ак тумар” музейине, Арт-галереяга, физика, биология боюнча лабораторияларга жана китепканага экскурсия жасашты. Сапардын алкагында аталган университеттин академиялык сапатты камсыздоо бөлүмүндө, квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү борборунда болуп, адистери менен пикир алышты.