ОшМУда көп тил билген студенттер аныкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда көп тил билген студенттер аныкталды

Image

24-майда ОшМУда көп тил билген студенттер ортосунда “Жаш полиглот” конкурсу уюштурулду. Ага институт, факультет, колледждерде окуган, англис, немис, корей, кытай, араб, түрк, орус жана башка тилдерди билген 17 студент катышты.

Натыйжада 1-орунду Тарых-юридика институтунун 3-курсунун студенти Акмырза Тургунбаев, 2-орунду Чыгыш таануу институтунун 1-курсунун студенти Нодирбек  Расулбердиев, 3-орунду Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 3-курсунун студенти Аширбек кызы Айтунук ээледи.  

Жеңүүчүлөргө кесиптик бирлик тарабынан акчалай сыйлыктар, окуу жайдын дипломдору тапшырылды.  

Аталган сынак чет тилдер борборунун директору Семетей Амиралиев тарабынан демилгеленип алгачкы ирет өткөрүлдү. Максаты – көп тил билген полиглот студенттерди аныктап, жайылтуу, аларды көп тил үйрөнүүгө чакыруу жана көп тил билүүнүн пайдалуу жактарын түшүндүрүү.

 

Фото галерея