«BPN Кыргызстан» (Сеть бизнес-профессионалов) уюмунун директору, Швейцариядан келген бизнес-эксперт Томас Лаувинер студенттерге «Бизнести кантип башташ керек?» деген темада практикалык лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө уюмдун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Эрлан Насиев, менеджери Бекижан Абдулжанов, «InnoKids» билим берүү борборунун негиздөөчүсү Мафтуна Кадырова жана «Iwex» компаниясынын негиздөөчүсү Азамат Алмазбеков ишкердиктеги тажрыйбалары менен бөлүштү.
Лекция 20-майда ОшМУнун бизнес паркында окулду. Иш-чара “Жаш акылдар” форумунун алкагында студенттердин ишкердикке болгон кызыгуусун арттыруу, жеке бизнес баштоого шыктандыруу максатында уюштурулду.
Буга чейин ОшМУ жана Швейцариянын "BPN Бизнес-Академиясы" ишкердикти өнүктүрүү багытында кызматташуу келишимине кол койгон. Документте студенттерге ишкердик чөйрөсүндө билим берүү, аларды практика жүзүндө үйрөтүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү каралган. Бул алкакта стажировкалар, менторлук программалар жана бизнес тренингдер уюштурулат. Ошондой эле академия университетке өзүнүн эл аралык тажрыйбасы жана бизнес байланыштары аркылуу колдоо көрсөтөт.